Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Казакстанга барат. Мамлекет башчылары телефон аркылуу сүйлөшүштү

Касым-Жомарт Токаев менен Садыр Жапаров телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу маалымат Казакстандын президентинин расмий сайтына жайгаштырылды.

Ага ылайык, сүйлөшүү кыргыз тараптын демилгеси менен ишке ашкан.

Анда Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровдун инаугурациясы ийгиликтүү өткөнүн айтып, президент болушу менен дагы бир жолу куттуктаган.
Ошондой эле,  мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү тууралуу кеп кылып, казак-кыргыз элинин достук мамилеси жана стратегиялык өнөктөштүк уланарын белгилешкен.

Мындан сырткары, маалыматта Садыр Жапаровдун Казакстанга боло турган сапары тууралуу да сөз болгону айтылат.

«Алдыда боло турчу жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын графиги, анын ичинде кыргыз лидеринин Казакстанга сапарына даярдыктар каралды», — деп жазылган маалыматта.

 

Exit mobile version