Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров: Ким эмне уурдабасын, казынага кайтарат

Мамлекетке чыгым келтирген чиновниктер чыгымды кайра кайтарып бериши керек. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, мамлекет коррупциялык схемалар менен байыгандарды жөн гана темир тордун артына отургузуп койгондон пайда чыкпайт. Андыктан келтирилген чыгымдарды казынага төктүрткөнүбүз оң. Зыянды толтуруу максатында үй-мүлкүн мамлекетке конфискациялоо керек. Өзүлөрүнө элиталуу батирлерди, кымбат баалуу унааларды сатып алган мамлекеттик чиновниктер, мейли эмне уурдабасын бардыгын төлөп берүүгө милдеттүү.

Ушул тапта Коопсуздук кеңешинин жыйыны Бишкекте өтүп жатат.

Exit mobile version