Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Кой-Таш окуясы боюнча чыккан соттун өкүмүнө комментарий берди

Садыр Жапаров Кой-Таш окуясы боюнча чыккан сот өкүмү жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге берилген жаза тууралуу «Кабар» маалымат агенттигине маек берди.

Өлкө башчы бул окуя боюнча соттун чечимдерине кийгилишүү болбогонун билдирген.

«Мен дайыма “соттордун ишине кийлигишпегиле” деп айтып келем. “Чыгарган чечими мыйзамдуу эмес десеңер, жогорку инстанцияларга кайрылгыла, акыркы чекитти Жогорку сот койсун” деп келем. …Сот процессинде баары аныкталып, анан соттор ошондой чечим чыгарганга туура келип жатса керек деп, соттордун чечимдерине кийлигишкен жокпуз жана мындан ары да кийлигишпейбиз.»,- деп билдирген ал.

Ошондой эле Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевге берилген жаза тууралуу өз оюн айтып, ага мунапыс бере аларын билдирген.

«Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Менин дагы укугум жок. Менин башка укугум бар. Ал — мунапыс берүү. Эгер арыз менен кайрылышса, мунапыс берсем болот. Кой-Таш окуясына алты жыл болуптур. Сууп деле калган. Соттор мынча катуу кетпесе деле болот эле деп ойлойм. Албетте, бул менин сотторго таңуулаган оюм эмес, жеке жарандык оюм. Пробация же айып пул салуулар менен эле чектелсе жакшы болмок деп ойлойм»,- деп айткан.

Эске салсак, кечээ, 3-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарып, Алмазбек Атамбаевдин мүлкүн конфискациялоо менен 11,6 жылга кесип, бул окуяга тиешеси бар бир нече адамды жоопкерчиликке тартты.

Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыкты. Алмазбек Атамбаев 11,6 жылга кесилди

Exit mobile version