Президент Садыр Жапаров көк бөрү боюнча клубдар аралык биринчи дүйнөлүк чемпионатты ачат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, эл аралык турнир 13-20-августта Ысык-Көл районундагы Булан-Соготту айылындагы ат майданында өтөт.
Иш-чаранын ачылыш аземи «УТРК — спорт» телеканалынын эфиринде, социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.
Түз эфир башталышы 13-августта 13:00дө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз