Садыр Жапаров: Координациялык кеңеш түзүү жапайычылык

Садыр Жапаров: Координациялык кеңеш түзүү жапайычылык

Абактан чыккан саясатчы Садыр Жапаров сегиз партиянын өкүлдөрүнөн түзүлгөн Координациялык кеңешти мыйзамсыз орган  деп атады. Бул тууралуу ал “Достук” мейманканасында өтүп жаткан жыйында айтты.

“Мен Координациялык кеңеш түзүп алгандардын жармы менен сүйлөштүм. Ар кимиси “мен төрага болоюн” деп талашып-тартыша берет экен. Эгер биз Координациялык кеңештин жолу менен кетсек, мыйзамсыз жол менен кетебиз. Дүйнөлүк коомчулук жана башка мамлекетер туура эмес көз караш менен карашат. Ошондуктан, депутаттардын көпчүлүгү келсе баарын  ушул жерден чечүү керек”, – деди Жапаров.

Жапаров ошондой эле, өлкөдө болуп жаткан окуялар мыйзамдуу жол менен жөнгө салынышы керектигин белгилеп өттү.

“Азыр лигитимдүү президентибиз, лигитимдүү премьер-министрибиз турат. Бирок экөө тең качып кетти. Ошондуктан парламентти чогултуп баарын мыйзамдаштырып алуу керек. Андан соң баары өз нугуна түшөт”, – деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>