Садыр Жапаров: криминалды өлкөдөн жок кылабыз

Садыр Жапаров: криминалды өлкөдөн жок кылабыз

Бүгүн, 14-октябрда “Ала-Арча” резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйын өтүп, Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралууда.  Анда ага карата эл өкүлдөрү суроолордун узатууда. Депутат Дастан Бекешев да суроо берип, азыр байма-бай айтылып жаткан криминалдарга кандай чара көрүлөрүн сурады. 

Ага жооп берип жатып Садыр Жапаров криминалга каршы катуу күрөш жүрөт деп убада берди.  

“Криминал менен катуу күрөшөбүз, өлкөдөн жок болот. Бизде өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй криминалсыз жашайлы. Силер мага ошого жардам бергиле”, — деди  Жапаров.

Башаламандык болуп, митингчилер Ак Үйдү басып алгандан кийин 6-октябрда “Достук”  мейманканасында ЖКнын кезексиз жыйыны өткөн. Ал жерде спикерликтен арызын жазып кеткен Дастан Жумабековдун ордуна Мыктыбек Абдылдаев, премьерликтен кетүү тууралуу арыз берген өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун ордуна Садыр Жапаров дайындалган.

Кийин бул чечимди айрым депуттар кворум жок деп тааныбай тургандыгын жарыялаган соң Мыктыбек Абдылдаев спикерликтен баш тарткан.  

Кийин өкмөттү легитимдештирүү керек деп депуттар Жапаровду өкмөт башчылыкка кайра дайындоо үчүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чогулткан. 

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>