Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы кандай чечилгенин айтты

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде кыргыз-тажик чек арасы кандай шарттарда чечилгенин айтып берди.

Президент билдиргендей, чек ара маселеси дээрлик бүтүп калды. Учурда эки тараптуу кагаз иштери жүрүп жатат.

«Кагаз иштери бүткөндөн кийин алгач эки өлкөнүнүн өкмөттөр аралык комиссиясы, андан кийин тышкы иштер министрлери кол коюшат.

Андан соң эки өлкөнүн парламенттеринен ратификациядан өтөт.

Ратификациядан өткөн соң эки президент кол коёбуз. Андан кийин нота алмашуу болот», — дейт Жапаров.

Жапаровдун айтымында, аталган жол-жоболор бүткөн соң дагы 1-2 жыл демаркация иштери жүрөт. Ошондон кийин гана чек ара боюнча иштер толук аяктайт.

«Эң негизгиси, эки тараптуу макулдашууга жетиштик. «Кайсы тараптын пайдасына чечилди?» деген сурооңузга жообум мындай: эки өлкөнүн ортосунда чек ара маселеси чечилип жаткан жерде бир тараптуу кызыкчылык өтпөйт.

Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыгы камтылган кезде маселе чечилет. Миң километрге жакын чек ара тилкебиз бар. Ошол тилкелердин көптөгөн жерлеринде талаш-тартыш жерлер болгон. Алардын баарын теңме-тең чечкен учурлар болду.

Андан сырткары, чектеш айылдарыбызда шахматтын доскасы сыяктуу жайгашып калган үйлөр бар. Аларды да түздөп сыздык. Антпесек, чек ара кайтарууда эки тарапка тең абдан ыңгайсыздык жаратат.

Эгер биз тарапка өтүп калган Тажикстандын үйлөрү болсо, тажик тарап аларды көчүрүп кетет, эгер биздин тажик тарапка өтүп калган үйлөрүбүз болсо, биз көчүрүп кетебиз. Башка жерге үй салып беребиз. Жер аянттарынын көлөмүн да эске алдык. Кыскасы, ар бир огороддун бир метр жерин эсепке алуу менен маселелер чечилди.

Демаркация иштери жүрө баштаганда толук маалымат алышат», — деди ал.

Exit mobile version