Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту

Бүгүн, 17-июнда Садыр Жапаров Астана шаарында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана келечеги, ар тараптуу жана жалпы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча кеңири пикир алмашышты.

Си Цзиньпин Кытай тарап Кыргызстандын мамлекеттик эгемендүүлүгүн бекемдөөгө, өзүнүн потенциалын арттырууга, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган бардык аракеттерин жана умтулууларын колдой турганын белгиледи.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Кыргызстан Кытай менен мамилелерге өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Ал Кытай Кыргызстандын негизги инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин айтты.

Тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого умтуларын ырастап, эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн өз ара ишенимдин, урматтоонун жана биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

Эске салсак, учурда Садыр Жапаров Казакстандын борбору Астана шаарында «Борбор Азия – Кытай» экинчи саммитине катышуу үчүн иш сапар менен жүрөт.

Exit mobile version