Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу «Синьхуа» маалымат агенттиги Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлүнө шилтеме келтирип жазды.
Садыр Жапаровдун сапары 4-7-февраль күндөрү болот. Ал Кытайга өлкө лидери Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барат.