Президент Садыр Жапаров Ли Чжэ Мёнду Корея Республикасынын президенти болуп шайланышы менен куттуктады.
Куттуктоо катында өлкө башчы Ли Чжэ Мёнду шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, президенттик ишине ийгиликтерди каалаган.
“Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан сизди президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңишиңиз жана Корея Республикасынын президенти болуп шайланганыңыз менен чын дилимден куттуктайм.
Президенттик шайлоонун жыйынтыгы сиздин республиканын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган прагматикалык саясатыңызга болгон элдин ишениминин жана колдоосунун айкын далили.
Сиз менен бирге мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтыкты мындан аркы бекемдөөгө салым кошууга даяр экенимди билдирем.
Улуу мартабалуу сизге бекем ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми Корея Республикасынын элине тынчтык жана өнүгүү каалайм”, — деп айтылат Садыр Жапаровдун куттуктоосунда.
Эске салсак, кечээ, 3-июнда Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болуп өттү. Расмий жыйынтыктын негизинде оппозициялык Демократиялык партиядан талапкер Ли Чжэ Мён шайлоочулардын 49,42% добушун алып жеңди. Ал эми анын негизги атаандашы Ким Мун Су 41,15% добуш алды.