Садыр Жапаров: Мамлекетибиз сөзсүз өнүгүү жолуна түшөт

Садыр Жапаров: Мамлекетибиз сөзсүз өнүгүү жолуна түшөт

Президент Садыр Жапаров 24-март элдик революция күнүнө карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өз кайрылуусунда, кыргыз эли саясий эркиндикке жана демократияга умтулуу мүдөөсүн моюбай сактап келе жатканын айткан.

 

Төмөндө кайрылуу сөзү:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн Март элдик революциясынын күнү. 2005-жылдын 24-мартындагы окуялар эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң орчундуу окуя катары эсте калды. Бийликке нааразы болгон жарандарыбыз ошол күнү өлкөнүн бардык булуң-бурчунан агылып келип, ордо калаабыздын тургундары менен чогуу парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, Президенттин бийликтен кетүүсүн талап кылышты.

Кыргыз элинин бул күнү революцияга белсенип чыгуусуна бир катар терс көрүнүштөр, атап айтканда, адилетсиз бийлик менен мыйзамсыздыктын, үй-бүлөлүк башкаруунун орнотулушу менен жеке кызыкчылыктын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюлушу себеп болду.

Кыргыз эли — байыртадан эле эрки күчтүү, кайраттуу, адилетсиздикке эгерим моюн сунбаган эл. 30 жылдык эгемен жашоосунда өлкөбүз кандай гана окуяларды баштан кечирген жок! Саясий толкундоолор менен коронавирус пандемиясы, оор жоготуулар менен экономикалык кыйынчылыктар сыяктуу оорчулуктарга карабастан, саясий эркиндикке жана демократияга умтулуу мүдөөсүн моюбай сактап келет.

Урматтуу калайык журтум!

Биздин алдыбызда Кыргызстанды өнүккөн өлкөгө айландыруунун максаты турат.

Өлкөбүздө стабилдүүлүк үстөм болуп, мыйзамдар аткарылып турса, мамлекетибиз сөзсүз өнүгүү жолуна түшөт. Ал үчүн жарандарыбыз жапа тырмак аракеттенип, алган багытыбыздан тайбайлы.

Элибизде ар дайым биримдик, ынтымак-ырашкерлик, жергебизде тынчтык болсун!»

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>