Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасына келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мамлекет башчынын учагы Сиань шаарындагы “Сяньян” эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.

Президент Садыр Жапаровду жана Биринчи айым Айгүл Жапарованы КЭР маданият жана туризм министри Ху Хэпин тосуп алды.

Ушул эле жерде жогорку даражалуу коноктор үчүн чакан концерттик программа тартууланды.

Эске салсак, мамлекеттик сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы «Борбор Азия-Кытай» саммитинин ишине катышат, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян, Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин менен жолугушуулар жана башка расмий иш-чаралар пландалууда.

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Кытайдын үч шаарында — Сиань, Пекин, Цзинань шаарларында өтөт.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен кетти. Делегациянын курамы

Exit mobile version