Садыр Жапаров: мамлекеттик түзүмдөр кыскартылат

Садыр Жапаров: мамлекеттик түзүмдөр кыскартылат

Мамлекеттик кызматтар оптималдаштырылып, бирин-бири кайталаган түзүмдөр кыскартылат. Бул тууралуу Садыр Жапаров өкмөттүн жыйынында билдирди. 

Ал азыр реформа жасоо учурдун талабы экендигин айтып, атайын план иштелип чыккандыгын билдирди. 

“Биз өз ишибизде эки негизги кадамга барабыз. Биринчиси реформаларга баруу, бул үчүн чечкиндүү кадамдарга баруу мезгилдин талабы. Бүгүнкү жыйынга кыска мөөнөттүү планды киргиздик.  Ага 47 иш чара кирди, алардын 11и  укуктук-ченемдик документтер, калганы практикалык иштер. Булардын баары ишке ашырылуусу керек. Ошол эле учурда Кыргызстан ШОС, ЕАЭБ сыяктуу ири уюмдардын мүчөсү. Кыргызстандын башка өлкөлөр менен эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдери бар аларды да так, убакты аткарышыбыз керек”, — дейт Жапаров. 

Ошондой эле аталган пландагы негизги эки кадамдын бири мамлекеттик кызматтарды оптималдаштырып, бирин-бири кайталаган түзүмдөр жана кызматкерлер кыскартыларын белгиледи.

“Экинчи кадам оптималдаштырууга баруу. Мамлекеттик башкаруу системасына жаңы мамиле түзүү муктаждыгы жаралды. Бул багытта түзүмдөр аралык комиссия түзүлөт. Ар бир тармак боюнча жумушчу топтор иштейт. Ага экономиканы, технологияны мыкты билген эксперттер, адисттер, коррупцияга аралашпаган таза жаштар тартылат, атайын аянтчалар түзүлөт.  Мамлекеттик органдарды реформалоо, министрликтер менен ведомостилердин түзүлүшүн оптималдаштыруу, функцияларды рационалдаштыруу жана кызматкерлердин штаттык саны боюнча маселелерди талкуулашат. Бирин-бири кайталаган адисттер кыскартылат.  Бул боюнча бүгүнкү отурумда атайын токтом кабыл алабыз”, — деди өкмөт башчы. 

 

 

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>