Бүгүн, 12-мартта Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Аны «Манас» эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алган.
Рахмондун сапарына байланыштуу аэропортто эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлгөн. Ошондой эле улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулуп, ардак кароол тизилген.
Эки президентке кыргыз жана тажик музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусундагы концерттик программа тартууланган.
«Мамлекеттик сапардын алкагында эртең, 13-мартта, өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коеру кабарланган.
Жапаров менен Рахмон Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге кол коет