Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров: Менден ууру, коррупционер коркот, карапайым эл жакшы көрөт

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Al Jazerra телеканалына маек курган. Ал 19-октябрда эфирге чыгып, телеканалдын ютубдагы каналына да жарыяланган.

Аталган маекте Садыр Жапаров ал аткарыла турган иштер, өлкөдөгү абал тууралуу кеп кылган. Маектешүүнүн алкагында журналист ал бийликке коркутуу жолу менен келди жана андан адамдар коркушат деген кептер айтылып жаткандыгын билдирген.

Ага Жапаров бийликке коркутуу жолу менен келгенде президент чет өлкөгө качып кетип келбей коймоктугун айтып,  мурдагы революцияларга салыштырмалуу бул жолу бийлик тынчтык жолу менен алмашкандыгын билдирген.  Ошондой эле  андан адамдар эмес, коррупционер, уурулар коркушарын кошумчалаган. 

“Менден таза иштеген адамдар, карапайым элдер коркпойт. Тескерисинче жакшы көрөт колдойт.  Менден ким коркот? Менден коррупционер коркот, ууру коркот,  30 жыл өлкөнү тоноп, коррупциялык схемаларды түзүп кеткендер коркот”, — деген Жапаров.

Садыр Жапаров 6-октябрга караган түндөгү башаламандыкта абактан бошотулган.  Жапаровду 14-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министр кылып шайлашып, ошол эле күнү президент кол койгон. 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкага кетерин жарыялап, Жогорку Кеңештин төрагасы анын милдетин алуудан баш тарткан соң президенттин милдетин аткаруу да Садыр Жапаровго тапшырылган.  

Exit mobile version