Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар чөйрөдө сүйлөшүүгө киришти

Бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы Президенттин “Ак ордо” сарайында президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары учурашкандан кийин Республикалык гвардиянын оркестри Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндерин аткарды.

Ардактуу кароолдун башчысынын рапортунан соң мамлекет башчылары Казакстандын мамлекеттик туусуна келип, мамлекеттик символго башын ийишти.

“Ак ордонун” фойесинде Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев сүрөткө түшүп, андан кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдөгү сүйлөшүүгө киришти.

Exit mobile version