Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров менен Владимир Путин телефон аркылуу чек ара чырын талкуулашты

Бүгүн, 10-майда, Орусия тараптын демилгеси менен Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчылары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен бири-бирин куттукташкан. Орусия президенти ошондой эле Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын кабыл алынышы жана күчүнө кириши менен куттуктаган.

Баарлашуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болуп өткөн жаңжалга байланыштуу кырдаал талкууланды. Владимир Путин Орусия Кыргызстанга чек ара жаңжалынын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон гуманитардык жардам берүүгө даяр экендигин билдирген.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ушул жылдын май айынын аягында Президент Садыр Жапаровдун Москвага иш сапарын макулдашкан. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелери каралат. Тараптар ЖККУнун, КМШнын жана ШКУнун алкагында, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушат.

Мамлекет башчылары ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан иш-чаралар, анын ичинде Орусия вакцинасын Кыргызстанга жеткирүүнү талкуулашкан.

 

Exit mobile version