Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Москвада “төрт эркиндикти” атады

Президент Садыр Жапаров миграция чөйрөсүн ЕАЭБде “төрт эркиндикти” камсыздоонун алкагында жагымдуу шарттарды түзүү жолундагы эң маанилүү багыт деп атады. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда, Москва шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кеңири курамдагы жыйынында сүйлөп жатып билдиргенин өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мамлекет башчысы Биримдиктин иштеген жарандары ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин кайсынысынын аймагында болбосун эмгек укуктарын ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген шарттарга ээ болушу керектигин белгиледи.

Садыр Жапаров заманбап технологиялар жарандарыбыздын жумушка орношкон учурда талап кылынган административдик жол-жоболордон өтүүсүн кыйла жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берерине көңүл бурду. Жарандарга башка өлкөдө ишке орношуу үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди электрондук форматта, анын ичинде жарандыгы болгон өлкөдө болуп жасоо мүмкүнчүлүгүн берүү зарыл.

“Биринчи кадам катары Россияда болуу үчүн кеткен жумушчунун өз өлкөсүндө өткөн медициналык текшерүүлөрүнүн жыйынтыгын “Ковидсиз саякаттайм” тиркемесине окшоштуруп таануу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу сунушталууда”, — деп белгилеген Садыр Жапаров, анын функцияларын кеңейтип, жаңы муктаждыктар үчүн колдонууну сунуштады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version