Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров өлкө гимнин алмаштырууну колдойт

Президент Садыр Жапаров өлкө гимнин алмаштырууну колдойт. Бул тууралуу ал «Кабар» агенттигине курган маегинде билдирди.

Жапаров гимнди жаңылоо керек деген ойдо.

«Өзгөртүп койсок жакшы эле болот. Жаңылап койсок анын эмнеси жаман? Азыркы гимнибиз 33 жыл мурда азаттыкка чыгып, эгемендүүлүк алган жылдарда жазылган. Мына биз азат болдук, мына биз эгемен өлкө болдук, кыргыз эли өз тагдырың колуңда, алгалай бер деп ошол мезгилде гимн жазгандар кубаныч менен толкундануу менен жазышкан. Андан бери 33 жыл өттү. Биз мамлекет катары толук калыптандык. Дүйнө жүзүнө таанылдык. Эми жүз жыл өтсө да азаттыкка чыктык, эгемен өлкө болдук деп ырдап жүрө беребизби?», — дейт ал.

Садыр Жапаров тууну өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөндө ага каршы болгондор чыкканын, бирок жаңы туу мурдагыдан бир тепкич өйдө болгонун билдирди.

«Өз алдынча мамлекет экенибизди, 5 миң жылдык тарыхыбыз бар эл экенибизди ырдап, жаштарга, келечек муундарга дух бере турган гимн жазып койсок эмнеге болбосун? Албетте азыркы гимнибиз дагы унутта калбайт. Биринчи гимнибиз катары архивде тарых болуп кала берет. Тууну оңдоп коёлу дегенде да айрым демогог, популисттер каршы чыгышты эле. Азыркы туубуз жаман болдубу? Мурдагы туудан бир тепкич өйдө болду. Мурдагы туубуздагы күндүн белгиси же күн карама эмес, же «пилораманын» арасы эмес түшүнүксүз эле белги болчу. Азыркы тууну көргөн адам дароо эле күндүн нуру экенин түшүнөт. Жаркырап турат», — дейт ал.

Анын айтымында, жаңы гимн акын, композиторлор тарабынан жазылып, элдин сынына коюлат. Андан кийин көпчүлүккө жаккан гимн кабыл алынат.

Exit mobile version