Садыр Жапаров: Орус тили өлкөдөгү улуттар аралык баарлашуунун тили

Садыр Жапаров: Орус тили өлкөдөгү улуттар аралык баарлашуунун тили

«Слово Кыргызстана» өкмөттүк гезити 19-февральдагы басылмасында президент Садыр Жапаров менен курган маеги жарыяланды. Анда өлкө башчысы орус тилинин Кыргызстандагы орду жана эки өлкөнүн мындан кийинки кызматташуусу тууралуу кеп козгогон.

«Биз негизги маалыматтарды орус тилинде алабыз. Кыргыз тили орус тилине кедергисин тийгизбей өнүгүшү керек. Орус тили расмий тил гана эмес, өлкөдөгү улуттар аралык баарлашуунун тили. Ал мыйзамдык жактан жакшы корголгон, анын макамы Конституцияда белгиленген. Мен өлкөдөгү ар бир атуулдун эркиндигин, кепилдигин президент катары бул маселени саясий өңүттө ар кимдин өз максатына колдонушуна жол бербейм”, — деген Жапаров.

Ал ошондой эле, заманбап жашоодо экиден көп тилди үйрөнүүнү жана өсүп келе жаткан муунду чет тилдерди терең өздөштүрүүгө чакырып, англис тили эл аралык баарлашуунун тили экенин айткан.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун биринчи расмий иш сапары 24-25-февралда Россия Федерациясына болоруу айтылган. Иш сапарында 2020-жыл Орусия менен Кыргызстандын ортосунда кайчылаш жыл деп аталганын, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында 200 иш-чара пландалганы менен пандемиядан улам ишке ашпай калганын белгилеп, быйыл бул демилгени улантуу сунушун жасай турганын жазган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>