Жапаров: орус тили расмий тил катары сөзсүз калышы керек

Жапаров: орус тили расмий тил катары сөзсүз калышы керек

Конституциядан орус тилинин расмий макамын алып салуу сунушу тууралуу президенттикке талапкер Садыр Жапаров да үн катты. 

Ал социалдык баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, орус тили расмий тил катары сөзсүз калышы керектигин айткан.

“Кечээ Конституциялык кеңешменин бир мүчөсү Конституциядан орус тилдин официалдуу статусун алып салууну сунуштады.
Бул сунуш туура эмес. Орус тили ООНдун трибунасында колдонулган алты тилдин бири.
Мындан сыркары биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат. Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышта жана карым катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес.
Ошондуктан, орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек”, — деп билдирүү калтырган Жапаров. 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Садыр Жапаров (@sadyr_japarov)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>