Садыр Жапаров: Орус тилинин макамын өзгөртүү боюнча оюм жок

Садыр Жапаров: Орус тилинин макамын өзгөртүү боюнча оюм жок

Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров орус тили расмий тил боюнча каларын жана анын макамын өзгөртүү боюнча ою жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушууда айтты.

Садыр Жапаров буга байланыштуу Кыргызстандын айылдарында жашаган жарандарга сабак берүү үчүн орус тили мугалимдеринин санын көбөйтүү өтүнүчүн билдирди.

Ал ошондой эле, Кыргызстан Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздук мамилелерди чыңдоого жана кеңейтүүгө чоң маани берерин кошумчалады.

Орус элчиси Николай Удовиченко Садыр Жапаровду Кыргызстандын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>