Site icon Reporter.kg

Жапаров өз айылында атасынын аты ыйгарылган мечитти ачты

Түп районунда Кең-Суу айылында жаңы мечит ачылды. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

1500 миң орундан турган диний мекемеге өлкө башчысынын атасы Мусталый уулу Нургожонун аты ыйгарылды. Аны араб кайрымдуулук фонду курду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү Ислам динин карманарын жана кыргыздардын жүрөгүндө Жаратканга ишеними бекем экенин белгиледи.

Садыр Жапаров жаңы мечит коомдо тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө себепкер болот деген ишенимин билдирип, жаштарды руханий адептүүлүккө, ислам дининин чыныгы баалуулуктарына умтулууга чакырды.

Exit mobile version