Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Казакстандын «Казинформ» агенттигине курган маегинде айткан.
Аталган маек 1-мартта жарыяланды, анда Жапаров кыргыз-казак мамилеси, Казакстанга боло турган мамлекеттик сапар, өлкөдөгү саясий абал тууралуу суроолорго жооп берген.