Президент Садыр Жапаров 3-февраль күнү кечинде Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен барды.
Мамлекет башчынын учагы Пекиндин эл аралык аэропортуна конду.
Эске салсак, иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров 2022-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат.