Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышууга даяр экенин айтты

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышууга даяр экенин айтты

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров мыйзамдарга өзгөртүү киргизилсе, президенттик шайлоого катышууга даяр экендигин билдирди.

Учурдагы мыйзамга ылайык, өлкө башчынын милдетин аткаруучу президенттикке талапкер боло албайт.

«Учурда Жогорку Кеңеш парламенттик жана президенттик шайлоо боюнча мыйзамдарга түзөтүүлөрдү даярдап жатат. Эгерде мыйзамдагы ушул өзгөртүүлөрдүн натыйжасында шайлоого катышууга уруксат берилсе, мен барам», — деди ал «Россия 24» телеканалына берген маегинде.

Бирок Жапаров бул маселе боюнча чечим кабыл алына электигин, ошол себептен айтуу эрте боло турганын айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>