Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөөгө өттү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров мурда пландаштырылган эл аралык иш-чараларга байланыштуу, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо максатында, убактылуу аралыктан иштөө режимине өттү.
Өлкөдө болуп жаткан бардык окуялар, анын ичинде социалдык-экономикалык маселелер дайыма мамлекет башчынын көзөмөлүндө болору айтылат.