Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Равшанбек Сабировду кызматынан бошотту

Равшанбек Сабиров Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесинин негизинде, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Сабиров Равшанбек Азатович өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version