Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

Президенттин м. а. Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга жер титирөө менен цунамиден кийин адамдардын курмандыктары жана ири кыйроолорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

«Измир аймагында жер титирөө менен цунамиден кийин адамдардын курмандыктары жана ири кыйроолор болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтам жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>