Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Сауд Арабияга иш сапары менен барат

Садыр Жапаров Сауд Арабияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргызстан менен Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын жолугушуусунда белгилүү болду.

Кечээ, 7-ноябрда Эр-Рияд шаарында Кыргызстан менен Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде Тышкы иштер министрликтер аралык биринчи саясий кеңешмелер болуп өткөн.

Кыргыз делегациясын министрдин орун басары Азизбек Мадмаров, Сауд Арабиянын делегациясын саясий иштер боюнча министрдин орун басары Сауд Аль-Сати жетектеди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы алака, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, Кыргызстанда туризм, гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланган.

Ошондой эле Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга расмий сапарын уюштуруу жана анда карала турган маселелер тууралуу сөз болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version