Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Сеулга расмий сапар менен кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-декабрда Кореянын борбору Сеулга расмий сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Жапаров Кореянын президенти Юн Сок Ёль жана Улуттук Ассамблеясынын спикери У Вон Шик менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Ошондой эле Глобалдык өсүү институтунун төрагасы, БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун, Кореянын бизнес өкүлдөрү менен жолугушат.

Exit mobile version