Садыр Жапаров тарапташтарына президенттин ыйгарым укуктары ага өткөнүн айтты

Садыр Жапаров тарапташтарына президенттин ыйгарым укуктары ага өткөнүн айтты

Премьер-министр Садыр Жапаров аны Өкмөт үйүнүн алдында күтүп турган тарапташтарына кайрылды.

Өкмөт башчынын айтымында, эми ал президенттин ыйгарым укуктарын дагы аткарат.

«Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартты, ошентип мамлекет башчынын ыйгарым укуктары мага өттү», — деди Жапаров өзүнүн тарапташтарына.

Бул жаңылык өкмөт үйүнүн жанындагы адамдарга жакты, алар «Садыр» деп кыйкырып, гимн ырдап, бийлөөнү чечишти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти. Ал элдин тынчтыгы кызматтан өйдө тураарын белгилеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>