Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров таштандыны туш келди ыргыткан жарандарга ачууланды (видео)

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасында таштанды маселеси боюнча билдирүү жасап, таштандыны атайын челекке ыргытпай, жерге төккөн жарандарды сынга алды.

Жапаров эл арасында, айрыкча, Бишкек менен Ош шаарларында кайдыгер, балит адамдар бар экенин билдирди.

«Мен шаар жетекчилерин «Таштанды челектин сыртына чейин таштанды чыгып кеткен, тазалабайсыңар, тазалыкты начар кармайсыңар!», — деп урушам.

Алар мага ушул видеону жөнөтүштү. Эмне деген адепсиздик? Таштанды челектер бош турат. Машинадан чыга калып, таштанды челектин ичине салып коюш ошончолук кыйынбы?! Анан мэрлерди «таштандыны тазалап коюшпайбы, шарт түзүп беришпейби», — деп сындасаңар жаныңарга киши тура албайт», — дейт ал.

Президент таштандыны туш келди ыргыткан адамдарды көргөндөр аларды уяткарып, коом өзүн-өзү тарбиялашы керектигин билдирди.

«Коомду жалгыз киши тарбиялай албайт. Коом өзүн-өзү тарбиялаш керек», — дейт ал.

Exit mobile version