Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июлда, мамлекеттик сапар менен Тажикстан Республикасына барды. Анын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конуп, расмий тосуп алуу аземи өткөрүлдү.

Мамлекет башчысын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алды. Аэропортто мамлекеттик туулар илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Саламдашуу аземинен кийин улуттук кийим кийген улан-кыздар өлкө лидерлерин тосуп алып, чакан концерттик программа тартууланды.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле Тажикстандын парламент жетекчилери жана премьер-министри менен жолугушуулар пландалууда.

Президенттер биргелешкен билдирүү кабыл алып, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшу күтүлүүдө. Мындан тышкары, кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму жана “Түбөлүк достук” концерти өтөт.

Exit mobile version