Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров өлкөдө темир иштеткен завод куруларын билдирди

Кыргызстандагы бардык курулуш иштерине темир кендерибизди пайдаланууну көздөп жатабыз. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Элдик Курултайда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан курулуш иштери үчүн сырттан темир сатып алууга миллиондогон каражаттарды сарптап келет.

«Темир жолдун курулушуна, ГЭСтерибизди курууга жана өлкөдөгү бардык курулуштарга сырттан темир сатып албай, темир кендерибизди пайдаланууну көздөп жатабыз. Себеби, бүгүнкү күнү темирди сатып алууга жылына бир нече миллион доллар жумшайт экенбиз. Тагыраагы, жылда темир сатып алууга миллиондогон доллар каражаттарыбыз чыгып кетет экен. Ушул олчойгон акчага өзүбүз заманбап темир иштеткен завод куруп алсак, өлкөбүздөн ири каражаттардын сыртка агып кетишинин токтотуп гана калбастан, темирди экспорттоо менен мамлекетибиздин казынасына олуттуу киреше киргизебиз. Элибиздин жашоо-турмушунун тез жакшырышына жол ачабыз», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version