Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Темирлан Султанбековдун камалышы боюнча үн катты

10-октябрдагы парламент жыйынында депутаттар тарабынан өкмөт башчылыкка бекитилген Садыр Жапаров жаш саясатчы Темирлан Султанбековдун камалышы боюнча пикирин билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, коомдук коопсуздукка коркунуч келтирбеген саясий оппоненттерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбой тургандыгы айтылат.

Ошондой эле Жапаров тергөө амалдары жүрүп жаткан коомдук жана саясий ишмерлерди кармоону үй камагына алмаштырса болорун айткан.

Exit mobile version