Садыр Жапаров Токаев менен телефондо сүйлөштү

Садыр Жапаров Токаев менен телефондо сүйлөштү

Бүгүн, 13-ноябрда, президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө күн тартибинде турган эки тараптуу маселелер жана эки мамлекеттин ортосундагы жакынкы келечектеги кызматташуу кадамдары талкууланганын Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.

Ошондой эле Президенттин милдетин аткаруучу Кыргызстандын Казакстан менен саясий кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө чечкиндүү түрдө ниеттенгендигине ишендирген.

Соңунда Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстан ынак коңшу, ишеничтүү дос, стратегиялык өнөктөш жана союздаш экенин дагы бир жолу белгилеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>