Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров туулган күнүн кимдер менен өткөрөт? Жооп

Бүгүн, 6-декабрь президент Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 53 жашка толду. Өлкө башчыны туулган күнү менен башка мамлекеттин президенттеринен тарта куттукташууда. Социалдык тармактарда президент туулган күнүн кимдер менен кантип өткөрөрүнө кызыгып, суроо салышууда. Коомчулуктун суроосуна Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жооп берди.

Султанбаев президент туулган күнүн тар чөйрөдө белгилей турганын айтты.

«Мамлекет башчысынын бул күнү башка иш күндөрүнөн айырмаланбайт. Садыр Жапаров бул күндү иш ордунда өткөрөт. Пландаштырылган кеңешме жана жолугушуулар кадимки тартипте өтөт. Кечинде туулган күнүн үй-бүлөсү менен бирге тар чөйрөдө белгилейт», — деди басма сөз катчы.

Бүгүн президент Садыр Жапаров 53 жашка чыкты

Exit mobile version