Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун самитинде сөз сүйлөдү

“Дүйнөнүн тез өзгөрүү жагдайында биздин кызматташуубуз заманбап мамлекеттер аралык мамилелер тутумунда таасирдүү факторго айланууда”, — деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-мартта, Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынында сүйлөгөн сөзүндө белгилегенин өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдирди.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы бүгүнкү Саммит өзгөчө тарыхый кырдаалда өтүп жатканын айтты. Түркиянын түштүгүндө эбегейсиз кыйроолорго жана адам курмандыктарына алып келген жер титирөө тууралуу кабар бүт дүйнө коомчулугун кейитти.

Өткөн жер титирөө – чоң трагедия. Кырсыктын оор кесепеттерин башынан кечип жаткан  түрк боордошторубуздун кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт. Бул да болсо Жараткан Алла Тааланын сыноосу. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына дагы бир жолу чын дилимден көңүл айтам жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм. Түрк эли бул сыноодон дагы татыктуу чыгып, мындан дагы кучтуу болооруна ишенем. Мындай оор мезгилде Түркия өкмөтүнүн зилзала кесепеттерин жоюу боюнча бардык аракеттерин колдоп, жардам көрсөтүүгө даяр экенибизди дагы бир ирет ырастайбыз”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент бүгүнкү Саммиттин темасын белгилеп, Түркиядагы акыркы кайгылуу окуяларга байланыштуу кризистик кырдаалдарды жамааттык эскертүү жана болжолдоо механизмин түзүү зарылчылыгы келип чыкты деди. Бул өңүттө, түрк тараптын өзгөчө кырдаалдар министрликтери аркылуу түрк мамлекеттери үчүн жарандык коргонуу механизмин түзүү демилгеси кубатталат.

«Өз кезегинде, Кыргызстан мындан ары да бул багытта өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, табигый кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча аракеттерге салым кошууга ар дайым даяр. Тоолуу Кыргызстанда да жер титирөө, жер көчкү, таш кулоо, сел жүрүү, суу ташкыны, суу каптоо, кар көчкү жана башка табигый кырсыктар көп кездешет» деди Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Exit mobile version