Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине башымды ийип, таазим кылам

Бүгүн, 27-январда президент Садыр Жапаров Ленинград шаарынын блокададан толук бошотулган күнүнө карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Бүгүн биз бүткүл өлкөбүз менен бирге Ленинград шаарын фашисттердин курчоосунан бошотууда эрдик көрсөтүп, курман болгондорго таазим кылабыз. Андан бери 78 жыл өтсө дагы, бул улуу окуя биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Эки жылдан ашык убакыт бою Ленинград шаары душмандын камалоосунда болуп, ачарчылык менен аёосуз согуштун катаал сыноолоруна туруштук бере алган.

Бул баатыр шаарды фашисттердин кандуу чеңгээлинен бошотууда 4,5 миңден ашуун мекендешибиз эрдик көрсөтүп, кан майданда курман болгондугун тарых таасын тастыктап, өз баасын берген.

Ошол кездеги совет эли менен бирге кыргыз калкы да курчоодо калган Ленинград шаарынын тургундарына азык-түлүк жана керектүү кийим-кече жөнөтүп, демине-дем, күчүнө-күч кошуп турушкан.

Ошону менен бирге блокада маалында Ленинграддан чыгарылган үч жарым миңден ашык бала Кыргыз өлкөсүнөн жаңы үй-бүлө, жаңы тууган таап, эрезеге жетип, турмуш жолун татыктуу улап кетиши элибиздин эзелтен келаткан айкөлдүгүнүн бир мисалы болуп калды. Кыргыз мамлекетинде өскөн Ленинграддык блокаданын балдары экинчи Ата Мекенинин өнүгүүсүнө ак кызматын кылып, азыр да жаш муундарды атуулдук аң-сезимде тарбиялоодо өз салымдарын кошуп келишет.

Ленинградды душмандын курчоосунан бошотууга катышып, өмүрүн арнаган жоокерлерибиздин, ошол маалда тылдан жардам көрсөткөн мекендештерибиздин жана блокадада калган шаар тургундарынын эрдиктери эң ириде атуулдук духтун, майтарылгыс эрктин, каармандыктын жана ынтымактын бийик үлгүсү болуп калды.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине, баатыр-шаарды блокададан бошотууда салгылашып жатып курман болгондорго башымды ийип, терең таазим кылам», — деп жазылат кайрылууда.

Exit mobile version