Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Венгрияга иш сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 20-августта Венгрияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалым болгондой, Жапаров Венгрияга премьер-министр Виктор Орбандын чакыруусу менен барат. Ал Венгриянын улуттук майрамына жана жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына (19-29-августта өтөт) байланыштуу иш-чараларга катышат.

«Аталган иш-чарага башка мамлекет башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө. Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара карым-катнаштын келечегин талкуулашат», — деп билдирди Азымбакиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version