Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Венгрияга иш сапары менен барды (видео)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта Венгриянын борбору Будапешт шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президенттин учагы Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы аэропортко конду. Жапаровду Венгриянын юстиция министри Бенце Тужон тосуп алды.

Жапаров Будапештке Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен барган. Ал Венгриянын улуттук майрамына жана жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына карата иш-чараларга катышат.

Ошондой эле, иш сапарынын алкагында Жапаров Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, башка чет элдик лидерлер менен катар башка иш-чараларга катышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version