Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Венгрияга Түрк мамлекеттер уюмунун бейрасмий саммитине катышуу үчүн барат

Садыр Жапаров 20-21-майда Түрк мамлекеттер уюмунун бейрасмий саммитине катышуу үчүн Будапештке (Венгрия) иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Өлкө башчы саммитке Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен барат.

Уюмдун байкоочу өлкөсү — Венгрияда биринчи жолу өткөрүлө турган бейформал жолугушуунун темасы «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери» деп аталат.

Exit mobile version