Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 10-апрелде, президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет лидерлери кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыктын актуалдуу маселелерин, эл аралык аймактык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров жана Владимир Путин алдыдагы эки жана көп тараптуу форматтардагы иш-чаралардын графиги боюнча пикир алмашты.

Тараптар эки элдин жана мамлекеттердин бакубаттуулугу үчүн кыргыз-орус мамилелерин мындан ары да бекемдөө ниетин ырасташты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version