Садыр Жапаров менен Феликс Кулов жолугушту

Садыр Жапаров менен Феликс Кулов жолугушту

9-мартта президент Садыр Жапарова мурдагы премьер-министр Феликс Кулов менен жолугушту. Бул тууралуу экс-өкмөт башчы социалдык тармактардагы баракчасына жарыялады.

Алар бир сааттан ашык сүйлөшүп отурушкан.

Мен өзүм үчүн эч кандай кызмат сураган жокмун жана сурайын деген деле ниетим жок. Мен анын бардыгын башымдан өткөрдүм. Мен үчүн эң башкысы — саясий туруктуулук жана экономикалык кризистен чыгуу үчүн ыкчам, натыйжалуу чечимдерди табуу. Менин жолугушуумдун максаты — калктын чыныгы акчалай кирешесин көбөйтүүгө жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүүгө багытталган өтө кызыктуу социалдык долбоорду ишке ашырууга өлкө жетекчилигинен колдоо табуу. Мен дагы бир катар маселелер боюнча ойлорду жана конкреттүү сунуштарды айттым , — деп жазган Кулов.

Ал белгилегендей, сүйлөшүүдө учурдагы саясаттын маселелерине, анын ичинде Конституциялык реформага карата айтылган сын-пикирлерге токтоло алган жок.

Садыр Нургожоевич азыр тышкы саясат жана экономикалык маселелерди чечүү, инвестицияларды тартуу жана башка кечиктирилгис маселелерди чечүү менен алек болуп жаткандыктан, баардык нерсени деталдаштырууга мүмкүнчүлүк жок деп жооп берди. Мындан тышкары, Конституциялык кеңешменин башчысы Б.Бөрүбашев жана башкалар аны иштелип чыккан долбоор өлкөдө президенттик башкаруунун формасын орнотуу боюнча референдумда айтылган элдин эркине толук дал келет деп ишендиришти. Ошондуктан, Президент кийлигишпөөнү чечти жана депутаттарга бардык болгон сунуштарды, талаптарды карап чыгууга жана көз карандысыз жооптуу чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берди.

Жалпысынан биздин шайланган өкүлдөр кандайдыр бир жоопкерчиликтен кутулуп, бирөөгө ачык-айкын жана бир нерсени кыйытып, сөөмөйүн өйдө көтөрө алышпайт. Калган убакытта алар юридикалык коомчулуктун жүйөлүү далилдерине кулак кагышат жана керектүү консенсуска келишет деп ишенем, — деп жазат экс-премьер-министр.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>