Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Японияга барат

Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Хироказу Мацуно 7-ноябрда өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Японияга иш сапары менен келерин билдирди, деп жазат Nikkei.

Сапар учурунда Жапаров премьер-министр Фумио Кишида менен жолугушуп, император жана императрица менен жолугушууну пландаштырууда.

Мацуно белгилегендей, 2022-жылы Кыргызстан менен Япония дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет.

«Кыргызстандын президентинин Японияга сапары эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди мындан ары да тереңдетет деп ишенем», — деди ал.

Жапаров Токиодон тышкары Киото шаарына да барат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version