Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министрине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисидага өлкөнүн экс-премьер-министри Синдзо Абэнин трагедиялуу каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Жеке мени, Кыргызстандын бардык элиндей эле, бул кабар түп-тамыры менен нес кылды. Бул бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн чоң жоготуу. Чечкиндүү инсан, таланттуу саясатчы дүйнө салды. Синдзо Абэ масштабдуу инсан болгон, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын коргоо канчалык маанилүү жана зарыл экендигинин таасын үлгүсү болгон.

Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоодо маанилүү ролду ойногон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары Абэ мырзанын жаркын элеси сакталат.

Аны жоготуу аны билгендердин бардыгы үчүн орду толгус. Кыргызстандын эли Япония эли менен бирге аза күтөт»,- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Экс-премьер-министр Синдзо Абе белгисиз адамдын кол салуусунан улам 8-июлда ооруканада каза болду.

Exit mobile version