Садыр Жапаров жана БУУнун өкүлү «Ынтымак» паркында көчөт отургузду

Садыр Жапаров жана БУУнун өкүлү «Ынтымак» паркында көчөт отургузду

Президент Садыр Жапаров аялдардын шайлоого активдүү катышуусун колдоо максатында дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен бирге борбордогу сейил бактардын биринде көчөт отургузду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  Садыр Жапаров бүгүн, 27-мартта, өлкөдөгү аялдардын жергиликтүү кеңештерге шайлоого активдүү катышуусун колдоо иш-чарасына катышты.

«Кыргызстанды бирге өнүктүрөбүз!» деген ураан астында өткөн иш-чарада Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман катышкан.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жарандардын өлкөнүн саясий турмушуна катышууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин символдоштуруп турган бул иш-чаранын маанисин белгилеген.

Президент айылдык кеңештердеги орундардын 30%ын аялдар үчүн калтыруу айылдык кеңештердеги аялдардын санынын өсүшүнө алып келерине ишенимин билдирди. Анын натыйжасында жергиликтүү деңгээлде чечим чыгаруу маалында гендердик теңчиликти камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Садыр Жапаров бийликтин бардык деңгээлдеринде аялдарды колдоо өлкөнү ийгиликтүү өнүктүрүүнүн чечүүчү өбөлгөсү болорун баса белгилеген.

Ал аялдардын үй-бүлөгө гана эмес, региондордун бакубатчылыгына кам көрүүгө болгон каалоосун колдоого даяр экендигин билдирип, алар аймактардын социалдык-экономикалык гүлдөп-өсүшүнө чындап салым кошо алаарын кошумчалаган.

«Кыргыз элинин тарыхында аялдарды жана алардын укуктарын ар дайым урматтап келишкен, буга Курманжан Датка менен Кыз Сайкалдын мисалдары далил болгон, ал тургай аскерлерди эркектер менен бирдей жетектеген. Анын айтымында, квота бөлүштүрүү эл өз тарыхын унутпагандыгын жана укуктарын сактап, аялдарга урмат көрсөтүүсүн улантып жаткандыгын билдирет.

Бүгүнкү биз олтургузган кѳчѳттѳр өлкөнүн аймактарынын дүркүрѳп ѳнүгүшү менен тең жарыша ѳсѳт деп ишенем», — деген президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров БУУ, ЕККУ сыяктуу эл аралык өнөктөштөрдү, Германия, Корея, Россия, АКШ, Түркия, Швейцария, Япония өкмөттөрүн жана башкаларга шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган  Кыргызстандын күч-аракеттерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирген.

Президент Садыр Жапаров дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен биргеликте борбордогу «Ынтымак» сейил багына жергиликтүү кеңештерге шайлоого аялдардын активдүү катышуусун кеңейтүүнү колдоо максатында көчөттөрдү отургузушту.

Белгилей кетсек, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө“ мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо аялдар үчүн 30% орунду резервдөө кепилдендирилген. Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлөт. 7560 орундун 2943 мандаты аялдарга берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>