Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров жаңы Рим Папасы Лев XIVнү шайланышы менен куттуктады

Бүгүн, 9-майда Садыр Жапаров жаңы Рим Папасы Лев XIVнү бүткүл католик чиркөөсүнүн башчысы болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Сизди бүткүл католик чиркөөсүнүн жаңы жетекчиси – Рим Папасы болуп шайланышыңыз менен Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм.

Сиздин Рим Папасы катары аткарган вазийпаңыз эл аралык тынчтыкты жана адилеттүүлүктү чыңдоодо, ошондой эле дүйнөлүк диндер ортосундагы алаканы жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ.

Кыргыз Республикасы Ватикан менен жетишилген достук мамилелерин жогору баалоо менен бирге, өз ара түшүнүү, урматтоо жана бүткүл тынчтыкка умтулуу принциптерине негизделген кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирем.

Ыйык Мартабалуу Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана адамзатка кызмат кылууда күч-кубат каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-майда Ватиканда жаңы Рим папасы болуп 69 жаштагы америкалык кардинал Роберт Прево (Лев XIV) шайланды.

Exit mobile version