Садыр Жапаров жетектеген өкмөт курамы парламентте ант берет

Садыр Жапаров жетектеген өкмөт курамы парламентте ант берет

14-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген Садыр Жапаров жетектеген өкмөт курамы парламентте ант берет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда митингге чыгып, нааразылыкка уланган окуялар, башаламандык, саясий кризис жана бийликтин алмашуусу менен аяктаган.

Башаламандык күндөрү түрмөдөн бошотулган Садыр Жапаров өкмөт башчы болуп, андан соң Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенден кийин президенттин милдетин аткара баштаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>